10:29, 12 апреля 2019, 24.kg

Өмүрбек Бабановдун жээни беш саат суракка алынды

Өмүрбек Бабановдун жээни Жаныбек Мырзабаевди Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы беш саат суракка алды. Бул тууралуу «Республика» партиясы билдирди.

Маалыматка караганда, Жаныбек Мырзабаев «Кыргызстан» банкы боюнча күбө катары суралды. Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы азырынча бул боюнча маалымат бере элек. Банктын ишинин алкагында кандай тергөө иштери жүрүп жатканы дагы белгисиз.

Партия Жаныбек Мырзабаевдин сурагын Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишине карата кысым катары кароодо.

Кечээ «Кыргызстан» банкынын мурдакы акционерлери дагы сурак бергени маалымдалат. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18