09:25, 12 апреля 2019, 24.kg

Казакстан президенттик шайлоого 12 миллиард теңге сарптайт

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү үчүн 12 миллиард теңге (30 миллион доллардан ашык) сурады. Бул тууралуу өлкөнүн каржы министринин орун басары Берик Шолпанкулов сенаттын 11-апрелдеги жыйынында билдирди.

«Бүгүн БШК шайлоо өткөрүүгө 12 миллиард теңге бөлүп берүүнү өтүндү. Азыр анализ жүргүзүп, болжолдуу чыгымдарды эсептеп жатабыз. Жыйынтыгында бул сумма азайышы дагы мүмкүн», — деди Берик Шолпанкулов.

Анын айтымында, суралган сумманын 70 пайызы шайлоо тилкелеринде эмгектенген адамдардын айлыгына берилет. Каржы министрлиги эки күндүн ичинде чыгымдар боюнча анализди аяктап, акыркы чечим чыгарууну пландап жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, 2015-жылдагы президенттик шайоого беш миллиард теңгеге жакын каражат жумшалган.

9-апрелде мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, өлкөдө 9-июнда кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирген.

БШКнын календарлык планына ылайык, талапкерлерди каттоо 11-май күнү саат 18:00дө аяктайт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18