09:04, 12 апреля 2019, 24.kg

Москвадагы элчилик Чыңгыз Айтматов сейил багына ишембиликке чакырат

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва шаарында иштеген кыргызстандыктарды ишембиликке чакырат.

Ишембилик 13-апрелде Москва шаарынын Даниловский районунун Павловская көчөсү менен Подольск шоссесинин кесилишинде жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багында өтөт.

«Салтка айланып калгандай эле, Манас атабызга эстелик тургузулган Москва шаарынын «Дружба» сейил багын тазалоо боюнча ишембиликти өткөрүү менен кайрылганыбызда, аталган сейил бакты кайрадан жасалгалоо иштеринин жүрүп жаткандыгынан улам, ишембиликти өткөрүү мөөнөтү белгисиз убактарга жылдырылды. Бул тууралуу Элчиликке «Северное Тушино» Музейдик эс алуу комплексинин жетекчилиги билдирди. Ошондуктан быйылкы жылы Ч.Айтматов атындагы сейил багынын айланасын тазалоо үчүн ишембиликке чакырабыз», — дейт элчилик.

Ишембилик саат 10.00дө башталат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18