12:30, 11 апреля 2019, 24.kg

«Коопсуз шаар». Экинчи этабында 314 көзөмөл камера-комплесктер орнотулат

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабында өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулат. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов билдирди.

Анын айтуусунда, учурда долбоордун экинчи баскычын ишке киргизүүгө даярдык көрүлүүдө.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычында Кыргызстандын жети облусу, облустук жана райондук маанидеги шаарлар камтылат. Андан тышкары, камераларды стратегиялык маанидеги унаа жолдордо орнотулат, — деп кошумчалады Аматов.

Чиновниктин пикиринде, 2019-жылдын аягына чейин Кыргызстандын бардык аймагында «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштайт.

Эске салсак, «Коопсуз шаар» долбоору 12-февралдан тартып Бишкекте иштей баштаган. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда. Бул долбоорду россиялык «Вега» концерни ишке ашырууда.

Буга чейин өкмөт долбоор ишке аша баштагандан бери жол эрежелери бузуу 37,5% азайганын билдирген

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18