09:05, 11 апреля 2019, 24.kg

«Республика» партиясы Өмүрбек Бабановду митинг менен тосуп алат

«Республика» партиясы 13-апрелде саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын тынчтык митингин өткөрүү ниети боюнча Бишкек мэриясина кат жөнөттү.

Буга байланыштуу арыздын сүрөтү интернетке жарыяланды. Анда тынчтык митинги эски аянтта өтө турганы, ага болжол менен 10 миңдей киши катышары белгиленген. Муну менен катар коомдук коопсуздукту сактап берүү өтүнүчү да айтылган.

Буга чейин аталган партиянын мурдагы лидери, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо утулуп, кийин Кыргызстандан чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга жакын арада келе турганын жарыялаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Ошондой эле атайын кызмат Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18