16:06, 10 апреля 2019, 24.kg

Мурдакы премьер-министрлер коомго коркунучтуу эместигин айтышты

Бизди коомго коркунучтуу деп атоого эч кимдин укугу жок« — деди мурдакы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүнкү соттук отурумда.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу «коррупция» менен айыпталган мурдагы 8 чиновниктин иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Айыпталуучулардын жактоочусу, соттон мурдакы аткаминерлерди залга отуруп суракка алынуусун өтүндү.

Ага башкы прокуратуранын өкүлдөрү каршы чыгып, оор кылмыш менен айыпталып жатканын эскертти. «Бизди коомго коркунучтуу деп атоого эч кимдин укугу жок» -деди ага каршы Жантөрө Сатыбалдиев.

Ал эми Сапар Исаков «айыпталуучулар качкысы келсе мурда камала элек кезинде эле качып кетмек» деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, аталган жетекчилерге Бишкек электр жылуулук борборун модернизациялоо боюнча иш козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18