14:45, 10 апреля 2019, 24.kg

Бир жылда 10 бала зомбулуктан каза болду

Кыргызстанда 2018-жылы балдарга карата зомбулук кылып, жыйынтыгында баланын өлүмүнө алып келген 10 иш катталган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, бул өз ата-энелери же туугандары тарабынан зомбулукка туш болгон балдар. «Көп учурда зомбулукка балдарын жакындарына калтырган, өздөрү чет өлкөгө эмгектенүүгө кеткен мигранттардын балдары кабылат. Мигранттардын балдары бүгүнкү күндө абдан аярлуу топко кирет», — дейт Солтонбекова.

Ал кошумчалагандай, балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу максатында 2 жылдык План иштелип чыгып, ага премьер-министр М.Абылгазиев кол койгон. Бул План мамлекеттик органдардын жана бейөкмөт уюмдардын күчүн бириктирип, зордук-зомбулукка туш болгон балдар менен иш алып барууну өзүнө камтыйт

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18