12:46, 10 апреля 2019, 24.kg

Коркуу сезими Баткенде эмделген балдардын абалынын начарлашына алып келди

Баткенде эмделген балдардын абалынын начарлашына коркуу сезими себеп болду. Бул тууралуу журналисттерге Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Кубанычбек Моңолбаевге билдирди.

Анын айтымында, дарынын эч бир зыяны жана жаман таасири жок.

«Бул жерде кабыл алуу гана себеп болушу мүмкүн. Балдар коркуп, алардын организми ушундай реакция кылды», — дейт Кубанычбек Моңолбаев.

Жалпысынан 73 бала кызамыкка каршы эмделген. Алардын 12синин абалы начарлап, жетөө ооруканага түшкөн. Учурда бир окуучу кыз гана ооруканада калып, алтоо үйүнө жөнөтүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18