09:15, 10 апреля 2019, 24.kg

Чеченстанда Өзбекстандын алты жараны кулчулуктан бошотулду

Чеченстанда Өзбекстандын алты жараны кулчулуктан бошотулду. Бул тууралуу кулчулук маселелери менен алектенген «Альтернатива» уюмунун өкүлү Алексей Никитин билдирди.

Анын айтымында, эки өзбек жараны жергиликтүү дыйкандын үйүндө январдан, ал эми төртөөсү марттын ортосунан бери кулчулукта кармалып турушкан. «Алар Чеченстанга иштегени барары менен документтерин алып коюп, оор жумуштарды аткарууга мажбурлашкан. Биринчи барган эки өзбекстандык ооруп калганда аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Дыйкан аларды сабап, качып кетүүгө аракет кылышса, өлтүрүп коерун айтып коркуткан. Өзбекстандыктар бекер иштеп, аларга тамак да начар берилген», — деди Никитин.

Анын айтымында, бул тууралуу маалымат интернетке тарагандан кийин жергиликтүү дыйкан өзбек жарандарына паспортторун кайтарып берип, такси менен Краснодарга салып жиберген.

«Коомго белгилүү болуп калгандан кийин кулчулукта кармап турган адамдарды кетирип жиберейин деген окшойт. Бирок аларга эч кандай акча берген эмес. Туугандары жолго деп акча салышкан. Эми алар эртең мекенине кетишет», — деп кошумчалады Никитин.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18