16:20, 09 апреля 2019, 24.kg

Алтынай Өмүрбекова: Өлкөдө жалпысынан 1336 киши гемодиализ алышат

Амблатордук, стационардык кызматтар 6 жашка чейинки балдарга акысыз көрсөтүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2018-жылдагы социалдык тармактагы аткарылган иштердин жыйынтыгы менен тааныштырып жатып билдирди.

«Жашоого маанилүү болгон дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеси бекитилип, анда 409 дары түрлөрү камтылды. Дары каражаттарынын улуттук базасын түзүү иштери жүргүзүлдү», — деди вице-премьер-министр.

Ал гемодиализ алган жарандарга Жалал-Абад, Бишкек шаарларында атайын борборлор ачылганын кошумчалады.

«Жылдын акырына чейин Ош шаарында дагы бир борбордун ачылышы күтүлүүдө. Жалпысынан 1336 киши гемодиализ алышат. Анын 575си мамлекеттин эсебинен медициналык жардам алып турушат», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18