15:13, 09 апреля 2019, 24.kg

Бурулайдын өлүмү. Милиция адилет өкүм чыгарууну суранууда

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук сотунда 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын өлүмүнө жол берген тартип сакчыларына карата кылмыш иши каралууда.

5 тартип сакчысы сот залында отурат. Алар акыркы сөздү айтып жатып, өздөрүн актоону жана адилет өкүм чыгарууну суранышты.

Судья жыйын бөлмөсүнө чыгып кетти.

Эске салсак, былтыр 27-майда 19 жаштагы Бурулай Турдалиева ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл РИИБнын имаратынан бычактап өлтүрүшкөн. Бирок, айыпталуучу кызды өлтүрбөгөндүгүн айтууда. Марс Бөдөшевди 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Кызды ала качууга катыштыгы бар делген Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18