11:42, 09 апреля 2019, 24.kg

Мурат Суталиновго боштондук. Соттук отурум кийинкиге жылдырылды

Бишкек шаардык сотунда УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча иш каралды. 

Photo 113112

Сотто күбө катары ЖАМКтын медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы сурак берди. Ал Мурат Суталиновдун чынында эле катуу ооруп жатканын тастыктады.

«Мурат Суталинов дарыланууда. Ал медициналык бөлүмдө 2018-жылдан бери жатат. Ага бөйрөк рагы деген диагноз коюлган», -деди күбө. 

Сотто башка күбөлөр дагы Мурат Суталиновдун оорусу тууралуу айтып беришти. «Мурат Суталиновду бир канча жолу колониядан ооруканага алып кетишкен. Мындан тышкары ал колониянын шартында дарыланып турду. 2018-жылы анын оорусу күчөп кетти», -деди Айнура Сыргатаева.

Бирок, сотко Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү, дагы бир күбө келген жок. Мындан улам, сот отурумду кийинкиге жылдырды.

Эске салсак, Мурат Суталинов рактын 4-стадиясы менен ооруп жатат. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин 25 жылга эркинен ажыратылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18