11:19, 09 апреля 2019, 24.kg

Өкмөттүн аппаратына жарандардан жазуу жүзүндө 1 миң 147 кайрылуу келип түшкөн

2019-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн аппаратына жарандардан 1 миң 147 жазуу жүзүндө жана 321 оозеки кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен президенттин аппаратынан — 185 (16,80 %); Жогорку Кеңештен — 194 (17,62 %); премьер-министринин коомдук кабылдамасынан — 171 (15,53 %); — электрондук кайрылуулар — 172 (15,62 %); КМШ мүчө-мамлекеттеринен жана алыскы чет өлкөдөн — 2 (0,18 %) кайрылуу жана арыздар келип түшкөн.

Премьер-министрдин коомдук кабылдамасында жеке маселе боюнча 31 жаран кабыл алынган, анын ичинде жетекчилик тарабынан 14 адам кабыл алынган.

Кайрылуулар республиканын баардык региондорунан келип түшкөнүн белгилөө зарыл. Келип түшкөн арыздардын, даттануулардын жана сунуштардын саны төмөнкүдөй көрсөтүлгөн:

— Бишкек шаары — 432 (39,14 %);

— Чүй облусу — 181 (16,44 %);

— Жалал-Абад облусу — 142 (12,89 %);

— Ош облусу — 76 (6,90 %);

— Ысык-Көл облусу — 70 (6,36 %);

— Нарын облусу — 60 (5,45 %);

— Баткен облусу — 60 (5,45 %);

— Ош шаары — 44 (3,99 %);

— Талас облусу — 35 (3,18 %).

Кайрылуу ээлеринин негизги контингентин карылар, пенсия курагындагы жана башка социалдык корголбогон жарандардын категориясы түзөт. Авторлор тарабынан козголгон темалар өтө кеңири, каттарда камтылбаган дээрлик бир дагы жашоо чөйрөсү жок.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18