09:24, 09 апреля 2019, 24.kg

Кыргызстандын жарандыгынан 448 киши чыгарылды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 636 адам кабыл алынат (анын ичинен 538 — чоң адамдар жана 98 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Дагы бир жарлыкка ылайык, 448 адам (анын ичинен 365 — чоң адамдар жана 83 — балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18