17:07, 08 апреля 2019, 24.kg

Акыйкатчы Мурат Суталиновду абактан бошотууну суранды

Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын ооруп жаткан мурунку төрагасы Мурат Суталиновду абактан бошотууну суранды. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Токон Мамытовдун дарегине Мурат Суталиновдон арыз түшүп, анда бөйрөк рагына чалдыкканына байланыштуу ден соолугу начарлап, бирок Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев мыйзамсыз чечим кабыл алганы жазылган.

Арыз менен таашынкан акыйкатчы Жогорку сотко, Бишкек шаардык сотунун төрагаларына Мурат Суталиновдун ишин адилет кароо менен аны абактан бошотууга чакырды.

Эске салсак, Мурат Суталинов рактын 4-стадиясы менен ооруп жатат. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин 25 жылга эркинен ажыратылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18