16:37, 08 апреля 2019, 24.kg

Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашуу ыктымалдуулугун талкуулады

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча акыркы сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат берди. Ага ылайык, 4-6-апрелде Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн жолугушууда бир нече маселе талкууланды. 

Анда эки өлкө ортосундагы чек аранын долбоорлук сызыктарын чийүүнү улантуу, ар кайсы жерде жайгашкан участкаларды жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер алмашуу жана делимитациялык топографиялык карталарды түзүү боюнча сөз жүргөн.

Жолугушууда кыргызстандык делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Ибрагим жетектеди. Жолугушуунун жыйынтыгында атайын протокол кабыл алынды.

Чек ара такталбагандыктан утур-утур жаңжалдар чыгып турат. Акыркы жолу, 13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тартып, Тажикстандын эки жараны каза болгону кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18