12:49, 08 апреля 2019, 24.kg

Москвадагы Аксакалдар кеңеши «Сармерден» оюнун токтотуу чечимин кабыл алды

Москвадагы Аксакалдар кеңеши «Сармерден» оюнун убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу алардын билдирүүсүндө айтылат.

Аксакалдар кеңеши кезексиз жыйынга топтолуп, 31-март күнү өткөрүлгөн «Сармерден» оюнундагы чырды карап чыкты. Алар келишпестиктерде уюштуруу форматы айыптуу деп эсептейт.

Уюштуруучу Гүлшайыр Мурзабаеваны буга чейин дагы «Сармерден», «Ыр-кесе» кечелерин уюштуруудагы кемчиликтери үчүн маданий иш-чаралардан четтетүү айтылат. Анын ордуна Москвадагы кыргыз маданий борборунун жетекчилигине башка талапкерли карооо, ал эми оюнду убактылуу токтотуу сунушталат.

Photo 112979

«Ала-бука менен Ноокен райондорунун арасында өткөрүлгөн Сармерденде калыстар тобунун төрайымы Өмүралиева кетирген кемчиликтери үчүн эскертүү берилип, калыстар тобунан четтетилсин. Социалдык тармактарда «Сармерден» тууралуу тартышуулар токтотулуп, анын милдети Ноокен жана Ала-Бука районунун аксакалдарына тапшырылат», — деп жазылат чечимде.

Аксакалдар кеңеши мындан ары «Сармерден», «Ыр-Кесе» жана башка маданий иш-чаралар Москва шаары жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасынын Жогорку аксакалдар кеңешинин көзөмөлүндө болуп, аны өткөрүү кыргыз диаспорасынын Координациялык кеңешине жүктөлөрүн билдирет.

Белгилей кетсек, 31-мартта Ала-бука менен Ноокен райондорунун Москва шаарындагы өкүлдөрүнүн ортосунда өткөн «Сармерден» оюунун жыйынтыгы мигранттар арасында нараазычылык туудуруп, социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18