11:50, 08 апреля 2019, 24.kg

Александр Кимге карата кылмыш иши токтотулду

Свердлов райондук сотунда «Вечерний Бишкек» Басма үйү" ЖАКтын мурунку кожоюну Александр Кимге карата кылмыш ишин кароо аяктады.

Соттук отурумдун жүрүшүндө соттолуучунун жактоочулары кылмыш ишин токтотуу тууралуу өтүнүч билдиришкен. Жыйын бөлмөсүнөн чыккан судья Инара Гилязетдинова жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырды. Александр Кимге карата кылмыш иши токтотулду. 

Эске салсак, былтыр 20-февралда Свердлов райондук соту «кызматынан кыянат пайдаланган» деген айыптын негизинде Александр Кимди алты жылга шарттуу кесип, «Вечерний Бишкектин» азыркы кожоюну Александр Рюбушкинге 27 миллион доо төлөөгө милдеттендирген.

Александр Ким бул иштин саясий өңүтү бар экенин билдирип, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу аны кайра карап чыгууну суранган.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18