10:32, 08 апреля 2019, 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасы. Дүйшөмбүдө жолугушуу өттү

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өттү.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим жетектеген расмий делегациялардын жолугушуусу жабык болуп, соңунда дагы журналисттерге маалымат берилген эмес.

Азим Иброхим «Азаттыктын» тажик кызматына чек ара меселелерин чечүүдө «бир аз жылыштар» бар экенин гана айтты.

Белгилей кетсек, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында 14-март күнү чыр чыгып, 18-март күнү гана келишимге кол коюлду. Бул күндөрү айыл тургундары сыртка чыгарылып, мектептер жабылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18