10:21, 08 апреля 2019, 24.kg

Жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 186 бейтап кайрылган

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (07.04.19ж.) 186 бейтап кайрылган. Алардын ичинен 155и жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардын 54тү ооруканага жаткырылган, алардын 44ү жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 61 адам кайрылса, алардын 20сы ооруканага жаткырылып, 41 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 21 адам кайрылса, 12си ооруканага жаткырылган.Кызамык оорусу менен 7 кайрылып, алардын 6сы ооруканага жаткырылган», -деп билдиришти министрликтен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18