09:02, 08 апреля 2019, 24.kg

Муфтият тармактык маркетинг, пластикалык операция, эмдөө боюнча чечим чыгарды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши 5-апрелде үч фатва (чечим) чыгарды.

Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, № 5 фатва менен шариаттын эрежелерине карама-каршы келгендигинен улам тармактык маркетингге тыюу салынды.

Ал эми № 6 фатва менен ден соолукка байланышы жок пластикалык операцияларды жасоого да тыюу салынды.

«Тубаса майыптыкты же ар кандай кырсыктардын кесепетинен ‎болгон дененин же дене мүчөлөрүнүн кемчиликтерин жоюу максатында жасалган ‎пластикалык операцияга шариатта жол берилет.‎ Ал эми эч кандай жүйөлүү себеби жок туруп, сулуулук ‎үчүн гана жасалган пластикалык операцияга шариатта тыюу салынган ‎жана арам деп эсептелет», деп жазылат фатвада.

Аалымдар кеңеши № 8 фатва менен муфтият «эмдөө боюнча ар тараптуу пикирлер болгондугу себептүү эмдөө ар бир адамдын өз ыктыярында калуусун жактады».

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18