08:33, 08 апреля 2019, 24.kg

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштей баштады

Кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги кырдаал жөнгө салынып, көзөмөл өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, казак тарап калк керектөөчү товарларды алып бараткан жүк унааларын мурдагы режимде өткөрө баштады. Жакынкы күндөрү чек арадагы оор жүк ташуучу автоунаалардын кезеги толук жоюлат деп күтүлүүдө.

Өткөн жумада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков башында турган кыргыз делегациясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Казакстанга жөнөтүлгөн.

3-апрелде Кыргызстандын Экономика министрлиги казак бийлигинин чек арадагы аракети Евразиялык экономикалык биримдиктин нормаларын бузуп жатканын билдирген. Өз кезегинде казак тарап автоунаалардын тыгыны — жүк ташуучулардын текшерүүдөн өтүүнү каалабай жаткандыгына байланышуу экенин айткан.

«Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-мартта, казак тарап чек арадагы текшерүүлөрдү күчөткөндөн кийин пайда болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18