16:45, 05 апреля 2019, 24.kg

Канзада Сманованын ийгилиги. 5 миң сом жана чар баштык менен башталган ишкерлик

Канзада Сманова чар баштыктарды көтөрүп, темир жол аркылуу «челнок» бизнесин баштаган айымдардан. Орусияны базарлары аркылуу ачкан Канзада Сманова кийин мекендештерге жардам берип, маданий иш-чараларды уюштуруп, Тюмень облусундагы «Биримдик» кыргыз диаспорасын негиздеди.

Дарыгер кесибинин ээси болгон мекендешибиз диаспоранын ишмердиги, кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрү тууралуу 24.kg агенттиги менен бөлүштү.

Photo 112746

Алгачкы кыйынчылыктар

Канзада Сманова Жалал-Абад облусунун Аксы районунан болот. 1995-жылы Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун педиатрдык факультетин аяктагандан кийин № 8 шаардык поликлиникада үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштеп баштаган. Айлык акынын аздыгы, үй-жай тургузуу мүдөөсү себеп болуп, 1998-жылы Россияга бет алат.

Photo 112747

— Биринчи келгенде абдан коркконмун. Чынын айтсам, экзамен тапшырганда да анчалык корккон эмесмин. 5 миң сомго товар алып, поездде алардын аталышын, баасын улам жаттап, темир жол бекетине чыгып эле сооданы баштадым.

Бирок, акча тартыштыгы кайра эле Орусияга түртөт. 2000-жылы кайра эле чар баштыкка 10 миң сомдук товарды салып, поездге түшөт.

Өжөрлүк менен жеткен ийгилик

— Бара-бара бутка туруп Бишкектен үйлүү-жайлуу болдум. Унаанын түрүн айдадым, той бердим. Ишим алга жылып, жетишкендиктер көп болду. Колумда 15ке жакын кыз иштеди, алардын беш-алтоосун жогорку билимдүү кылып окуттум. Дагы беш-алтоону күйөөгө колдон узатып жибердим. Азыр алар Орусиянын жана Кыргызстандын ар кайсыл аймактарында жашап, иштеп жатышат.

2009-жылы «Биримдик» кыргыз диаспорасын түзөт. Канзада Сманованын маалыматында, Тюмень облусунда 20 миңдей кыргызстандык бар. Алардын 15 миңи Орусиянын жарандыгын алган. Тюмень шаарынын өзүндө 5 миңге жакын кыргыздар жашайт. Алар тейлөө, медицина, курулуш чөйрөсүндө, нөөмөт бөлүмдөрүндө эмгектенишет.

— Бул жакта мекенден алыс болсок да, өз каада-салтыбызды, маданиятыбызды унутта калтырбайлы деп бий тобун ачканбыз. Мындан тышкары комуз, эстрадалык топ, вокалдык топ ийримдери иштеп жатат. Бул жаатта ар кыл сынактарга катышып, Кыргызстандын желегин желбиретип, ийгиликтерди багынтуудабыз. «Ак Шоола» жана «Байчечекей» бий топтору 10 жылдан бери тынымсыз эмгектенип, курамы улам жаңы муундар менен толукталып келген топ десек болот. Спорт тармагы да акыркы жылдары кеңейип, улуттук оюндардын катары толукталууда. Алдыда 9-май —Улуу Жеңиш күнүнө карата эрежесиз эр мушташ уюштурганы турабыз.

Мекен жүгү, элдин камы

— 2011-жылы менин демилгем менен Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы алаканы чыңдоо максатында Курманжан датканын 200 жылдыгын Тюменде өткөргөнбүз. 2014-жылы Токтогулдун 150 жылдыгын өткөрдүк, анда да Кыргызстандан делегация келген. 2013-жылы башкы консулдук менен бирге Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгын, былтыр 90 жылдыгын өткөргөнбүз. Ушул жылдын 28-мартында Тюмендин көчөлөрүнүн бирине жазуучунун ысымын берүү тууралуу шаардын мэри Руслан Кухаруктун чечими чыкты, бул да чоң эмгегим болот. Алдыда дагы бир гүлбакчага жазуучунун ысымын алып берсек деген ой бар. Тюмендеги мекендештер бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, жардам берип турушат. Алар социалдык тармактар аркылуу жумуш, батир, миграциялык каттоо, Кыргызстанга жөнөтүү жана башка маселелер боюнча жардамдашат.

 Бизге эч кандай кысым жок. Мекендештерибиз өздөрү мыйзамды сактабай күнөө кылышат. Мыйзамды сактагыла, алкоголдук ичимдик ичпегиле деп тартипке салып турабыз.

Жүк-200 былтыр көп болду, 8 жүк кетти. Акыркы убактарда ичип жүрүп, ичкиликке берилип кеткендер көп. Жоголгондорду издеп табабыз. Былтыр көбүнчө инфаркттан, инсульттан каза болушту. Төртөө ичкиликтен көз жумду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18