16:11, 05 апреля 2019, 24.kg

Баткенде кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн Өзбекстандын 4 жараны изделүүдө

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда оор жана өтө оор кылмыштарды жасап, кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн Өзбекстандын 4 жараны изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

«Шодмонов Равшонжон Улмасходжаевич — 03.01.1979-жылы Фергана районунун Кургон-Тепа айылында туулган. 2000-жылы каракчылык, тоноочулук жана мал уурулук жасоого шектелүүдө. Арзиев Шерзод Алишерович — 22.11.1988-жылы Фергана шаарында туулган. 2012-жылы алдамчылык, автотранспорт каражатын ээлеп алуу, каракчылык жасоого шектелүүдө. Тешебаев Эркин Уктамович — 02.06.1966-жылы Фергана районунун Кувасай шаарында туулган. 2006-жылы баңгизаттарын мыйзамсыз сактагандыгы боюнча изделүүдө. Фазлиддинов Наврузиддин Икромиддинович — 09.03.1993-жылы Фергана облусунун Сох районунунда туулган. 2018-жылы Beeline компаниясынын тармагын бузуп, компьютер аркылуу акча уурдаган хаккер», -деп жазылат маалыматта.

Эгерде жогоруда ысымдары аталгандарды таанып, билип же жүргөн жерин аныктагандар болсо, анда төмөнкү телефонго кайрылса болот. +996 3655 50229, +996 502777702, +996 776040744. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет жана акчалай сыйлык тапшырылат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18