15:36, 05 апреля 2019, 24.kg

Айыл элинин 35,5 пайызы ичүүчү суу менен тийиштүү деңгээлде камсыздалган эмес

Айыл элинин 35,5 пайызы ичүүчү суу менен тийиштүү деңгээлде камсыздалган эмес. Бул тууралуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.

Айтымында, азыркы тапта өлкөнүн аймагында 1819 айыл бар, алардын ичинен 267 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо тутуму 1960-жылга чейин курулган, ал эми 386 айылда таптакыр жок.

«Чакан шаарларда жана айыл макамына ээ райондук борборлордо агындылоо тутумунун жеткиликтүүлүгү колдонуудагы инфраструктуранын начарлашынан улам жыл сайын 1,5-2 пайызга кыскарууда», -деди ал.

Маалыматка таянсак, 2001-жылдан 2011-жылга чейин 533 айылда суу менен камсыздоо объекттерин реконструкциялоого 70 миллион АКШ доллары жумшалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18