14:09, 05 апреля 2019, 24.kg

Улан Саляновдун өлүмү. Сот негизги күбөнү видеого тартууга тыюу салды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурунку башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш ишин кароо жүрүп жатат.

Сот процессинде күбө катары негизги күбө Олег Тяртты суракка алышы керек эле. Сурак алдында жабырлануучунун адвокаты анын көрсөтмөлөрүн видеого тартуу тууралуу өтүнүч менен кайрылды. Бирок, сот анын өтүнүчүн аткарган жок. Ал бул чечимин соттук отурумда аудио жаздырууга уруксат берилгени менен түшүндүрдү.

Буга байланыштуу адвокат судьяга процесстен четтөөнү айтты, бирок мамлекеттик айыптоочу буга каршы чыкты.

Аида Салянованын айтымында, 5 кишиден турган кылмыштуу топтун башында Эрмек Осмонкулов турганын айтты. 

«Аларды болжол менен былтыр сентябрда кармашкан. Ошто каракчылыктан жабыркагандар тергөөчүгө Эрмек Осмонкулов жатак абакта кармалып жатканын айтышкан. Ага карата издөө иштерин менин инимди өлтүргөндөн кийин гана 6-декабрда издөө жарыялашты. Олег Трят өз көрсөмөсүндө Эрмек Осмонкулов ага жогоруда иштеген адамдар тоскоолдук жаратып жаткан бирөөнүн көзүн тазалаш керектигин айткан. Анын кызмат ордуна Оштогу кылмыштуулук иштерине жардам бере турганын билдиришкен», -деди ал.

Аида Салянованын пикиринде, Эрмек Осмонкуловду издешкен эмес, анткени заказ тууралуу маалыматы баарында болгон, мындан улам алар ага жардам берип турушкан.

Эске салсак, Улан Саляновду былтыр 5-ноябрда өз үйүнөн атып кетишкен. Кылмышкерлер үйдөн эч нерсе алышкан эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18