11:33, 04 апреля 2019, 24.kg

«Ак-Тилек» бекети: Бажы кызматынын жетекчиси Нур-Султанга жөнөп кетти

Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчиси Алмаз Оңолбеков кыргыз-казак чек арасында топтолгон автоунаалар маселесине байланыштуу 4-апрелге караган түнү Нур-Султанга жөнөп кетти. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

«Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны азая элек болууда. Тыгын  19-мартта башталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери чек арага барып, чатыр тигип, айдоочуларга ысык тамак берип жатышат.

Экономика министрлиги чек арада турган автоунааларда негизинен Түркиянын, Кытайдын жана Кыргызстандын текстил, бут кийим сыяктуу жалпы керектелүүчү товарлар экенин билдирүүдө.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18