11:03, 04 апреля 2019, 24.kg

Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы Заңги-Ата абагында кармалууда

Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы Заңги-Ата абагында кармалууда. Бул тууралуу Швейцариялык адвокат Грегуар Манжанын Гүлнара Каримова менен жолугушуусунан кийин белгилүү болду.

Жактоочунун жолугушуусу Заңги-Ата аялдар түрмөсүндө өттү.

Аталган түрмө Ташкент облусунда жайгашкан.

Эскерте кетсек, 2014-жылы Ташкенттеги үйүндө кармалып, үй камагына алынган. Анын жакындары жана чогуу иштешкендердин бир тобу анда дайынсыз жоголуп, же камалгандыгы айтылган.

Ал 2017-жылы «Алдамчылык», «Чет элдик валютаны жашыруу», «Бажы мыйзамдарын бузуу», «Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу» деген айыптар менен соттолгон. Ташкент облустук сотунун өкүмү менен 10 жылга эркинен ажыратылган жана кийин бул өкүм беш жылга кыскартылган.

Каримовага 2015-жылы АКШда, Швецияда, Швейцарияда кылмыш иштери ачылып, «жалпы суммасы бир миллиард долларга жакын каражатты пара түрүндө кымырып алган» деген айып коюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18