10:07, 04 апреля 2019, 24.kg

Кайрат Осмоналиев: Альтернативдүү КСДП өзүнүн аталышын өзгөртүшү керек

Альтернативдүү КСДП өзүнүн аталышын өзгөртүшү керек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда ысымдары окшош эки бирдей саясий уюм болушу мүмкүн эмес.

«Мындан улам, партия качан Адилет министрлигинин каттоосунан өтүп жатканда, КСДП аббревиатурасына же сан же тамга кошушу керек», -деди Кайрат Осмоналиев. Ал кошумчалагандай, аталган партия 2020-жылдагы шайлоого катыша алат, анткени мыйзам боюнча эч кандай тоскоолдуктар жок.

Бирок, 3-апрелде өткөн альтернативдик съездде саясий уюмдун лидери болуп шайланган Сагынбек Абдырахманов атын өзгөртпөй тургандыгын билдирди. Айтымында, ал жетектеген партия мыйзамдуу жана чыныгы партия.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18