08:55, 04 апреля 2019, 24.kg

Бишкекте энергетиктер балдар селкинчегинде эс алышты. Жашоочулар нааразы

Бишкекте Чыгыш РЭСинин кызматкерлери балдар селкинчегинде эс алышты. Бул тууралуу маалыматты «Түндүк электр» ААКдан тастыкташты.

Аталган ААКнын кызматкерлери селкинчекте эс алып жатканы тууралуу маалымат интернетке тарап кеткен. Компаниядан билдиришкендей, Ахунбаев, Малдыбаев, Сүйөркулов менеТыныстанов төрт чарчы аймакта 1964-1965-жылы коюлган эскирип калган кабелдик линияларды оңдоо иштери жүрүп жатат.

2-апрелде Чыгыш РЭСинин кызматкерлери аталган даректе узундугу 600 метрге жеткен жаңы кабелдик линияларды орнотууга даярданып жатышкан. Ортодогу тыным учурунда энергетиктер балдар аянтчасында эс алышканы маалым болду. Тыным алган соң ишти улантышкан.

«Түндүк электр» балдар аянтчасын чоңдордун пайдаланышы туура эмес экендигин мойнуна алып, кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18