17:02, 03 апреля 2019, 24.kg

Ош-Араван жолунун четиндеги камыштар өрттөнүп, кесепетинен 49 дарак күйүп кетти

Ош—Араван унаа жолунун четиндеги камыштар өрттөнүп, анын кесепетинен 49 дарак күйүп кеткен. Бул тууралуу Turmush басылмасы мамэкотехинспекциянын Араван жана Ноокат райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспектору Алмазбек Нурмаматовго шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, өрт 33,5 миң сом чыгым келтирген.

«22-мартта Араван—Ош трассасынын жээгиндеги камыштар белгисиз жарандар тарабынан өрттөлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттүн кесепетинен жолдун боюндагы дарактар дагы зыянга учураган. Чогултулган материалдар укуктук баа берүү үчүн Араван райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди», — деди Алмазбек Нурмаматов.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18