14:45, 03 апреля 2019, 24.kg

Прокурор экс-депутат Дамирбек Асылбек уулун 12 жылга эркинен ажыратууну суранды

3-апрелде Алматынын райондор аралык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун иши боюнча тараптардын жарыш сөзү башталды.

Анын жүрүшүндө прокурор соттон Асылбек уулун экономикалык аткезчиликке күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратууну сурады. Өз кезегинде адвокат Аскар Баймуратов айыптоолорду «жасалма, ойдон чыгарылган» деп атады.

Бул иш боюнча соттук жараян былтыр 19-октябрда башталган. Анда Асылбек уулунан тышкары дагы 11 адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Аларга карата «экономикалык аткезчилик» жана «трансулуттук уюшкан топко» тиешеси бар деген айыптар тагылган. Тергөөнүн версиясы боюнча айыпталуучулар Кытайдан мыйзамсыз түрдө Казакстан менен Орусияга товарларды ташып келишкен.

Прокурор бул топтун лидери делинген Есбол Жапбасовду мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратуунун сурады. Калган айыпталуучулар үчүн жети жылдан 12 жылга чейинки жаза мөөнөтүн өтүндү.

Былтыр февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны экенин, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан. Апрелде Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулу депутаттык мандатынан ажыраткан.

Декабрда экс-депутат казак жарандыгынан ажыратылган. Асылбек уулу өзү сот башталган күнү Кыргызстандын жараны экенин айтып, аны Кыргызстанда соттоону өтүнгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18