08:32, 03 апреля 2019, 24.kg

УКМК: Паспортко бланк даярдоо боюнча тендерде Мамкаттоо өкүлдөрү мыйзам бузган

Биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери өз пайдасы үчүн мыйзамдарды бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкен. Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

«Натыйжада сынакка катышкан компаниялардын бири тендерди утуп алган ишкана сунуш кылган суммадан 253 млн. сомго арзан бааны сунуш кылганына карабай, «тендердик документтери шайкеш келбейт» деген шылтоо менен сынактан четтетилген. Мындан тышкары Мамкаттоонун мурдагы жана азыркы иштеп жаткан айрым жетекчилери тендерден утуп алган компаниянын өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, алардын эсебинен бир нече жолу чет өлкөгө барып келишкен», -деди ал.

Бул иш 2019-жылдын 22-февралында КР Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Анда өкмөткө караштуу МККнын кызматкерлери биометриялык паспорттор үчүн бланктарды сатып алуудагы конкурста мыйзам талабын бузуу фактылары аныкталган. Азыркы убакта УКМКда Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

«Азаттыктын» маалыматтары боюнча УКМК азыркы жана мурунку бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптап жатат.

Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси бар киши катары жалпысынан 15 адамдын аты-жөнү аталган. Сот бул адамдардын жана алардын жакын туугандарынын үйүн тинтүүгө жана тиешелүү далилдерди алууга уруксат бергени кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18