15:05, 02 апреля 2019, 24.kg

БУУ: Дүйнө жүзүндө улгайган кишилердин саны өсүүдө

Улгайган адамдардын санынын өсүшү шаардык жашоочулардын кескин көбөйүшүнө алып келет, мунун ар түрдүү кесепеттери бар. Бул тууралуу БУУнун Калк жана өнүгүү комиссиясынын баяндамасында айтылат.

Документке ылайык, улгайган кишилердин санынын өсүшүнө байланыштуу демографиялык жараяндар көптөгөн өлкөлөрдө курчап турган чөйрөгө олуттуу оорчулуктарды алып келүүдө. Ал экономикалык жана социалдык көйгөйлөрү менен коркунучтуу. БУУнун маалыматы боюнча акыркы 25 жылда дүйнөдө адамдын орточо жашоо узактыгы 64,9дан 72,3кө көбөйгөн. 2030-жылга карата бул көрсөткүч эки эсеге жогорулайт.

БУУнун Башкы катчысынын баяндамасында төрөлүү деңгээли азайып, Жер калкы карып баратканы белгилет. Божомолдор боюнча 2050-жылы дүйнөдөгү калктын 70% төрөлүүнүн жалпы көрсөткүчү төмөн болгон өлкөлөрдө жашайт.

БУУнун чен-өлчөмүнө ылайык, 65 жаштан ашкан кишилер «карыган» болуп эсептелет. 2019-жылы алардын саны Европада 19, Түндүк Америкада 16 пайызды түзөт. 2050-жылга карата карыган кишилердин үлүшү Европада 28, Түндүк Америкада 23 пайызга чейин жогорулашы мүмкүн. Бул убакыт аралыгында Азия, Латын Америка, Кариб бассейининдеги улгайган адамдардын саны дагы көбөйөт. 21-кылымдын ортосунда карыган кишилердин үлүшү 9 пайызды түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18