14:18, 02 апреля 2019, 24.kg

УКМК Дүйшөнбек Зилалиевдин билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди

УКМКнын басма сөз кызматы камакта жаткан мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдинбилдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди. 

Маалыматка ылайык, Дүйшөнбек Зилалиевдин айткандары чындыкка дал келбейт.

«Дүйшөнбек Зилалиев коомдун башын айландыруу максатында бир нече жолу чуулгандуу билдирүүлөрдү жасаган. Буга байланыштуу УКМК эч нерсе менен тастыкталбаган билдирүүнү кылмыш жоопкерчилигинен качуу жана ишти саясатташтыруу аракети катары баалайт», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Дүйшөнбек Зилалиев кайрылуу жасап, «эгер мен Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берсем, мени УКМКнын тергөө абагынан чыгарууну убадалашты», — деген. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18