10:46, 02 апреля 2019, 24.kg

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн

2-апрелден 4-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 72-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Мырз-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 80-130-чакырымдарында, Казарман—Ак-Тал—Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү ыктымал.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

4-апрелден 6-апрелге чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18