10:36, 02 апреля 2019, 24.kg

Дүйшөнбек Зилалиев: Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү сунушташты

Мурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев кайрылуу жасап, «эгер мен Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берсем, мени УКМКнын тергөө абагынан чыгарууну убадалашты», — деди.

Айтымында, акыркы 4 айдын ичинде ал бир дагы жолу суракка чакырылган эмес.

«Жакында УКМКнын кызматкери мени чакырып, экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү сунуштады. Алардын максаты ушул экен! Мага карата башаламандык эмне себептен уюштурулганы түшүнүктүү болду. Мени сындырып, Алмазбек Атамбаевге каршы кызматташууну каалашкан», -деп жазылат кайрылууда.

«Мага «кытай компаниясынан кайсы бир лицензия маселесин чечип берүү үчүн Икрам Илмиянов аркылуу Алмазбек Атамбаевге 1 миллион доллар бердим» деген көрсөтмө берүү тууралуу сунуш түштү. Мен аны аткарсам күбө катары суралып, УКМКнын тергөө абагынан бошотуларымды убадалашты. Эми мага карата козголгон кылмыш иши адилеттүү чечилерине үмүт жок. ЖЭБ жана башка кылмыш иштери боюнча Алмазбек Атамбаевдин оозун жабуу колунан келген жок, ошондуктан мен аркылуу бул ишти жасагысы келип жатат. Мына коррупция менен күрөштүн баары!» — деп жазган Дүйшөнбек Зилалиев.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18