10:15, 02 апреля 2019, 24.kg

Бишкекте «Бийлеген борбор» республикалык бий сынагы өттү. Фоторепортаж

Бишкекте «Бийлеген борбор» республикалык бий сынагы өттү. Ага өлкө аймагынан келген 2000ге жакын бийчилер катышты. Бул тууралуу Каракол шаарынан келген «Ак-Ниет» бий тобунун жетекчилери Оксана Лобова жана Сайкал Асаналиева 24.kg агенттигине билдиришти. 

Photo 112119

Маалыматка ылайык, иш-чара «Сейтек» балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда болду. Анда кыргыз бийи, элдик бий, вальс, эстрада, классика, заманбап, джаз-заманбап, контемпорари, кавказ бийи жана башка бийдин түрлөрү тартууланды. Жалпы 800дөй бий калыстар тобунун сынынан өттү. 

Бул жылы сынакка Каракол шаарынын өкүлдөрү 6 бий алып келген. Жыйынтыгында 5өө биринчиликти алып, бирөө алтынчы орунга илинди. 

Бий боюнча Кыргызстандын чемпионаттарына 5000 сомдон сыйлыктар тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18