14:37, 01 апреля 2019, 24.kg

Өзбек президенти кошоматчылыкты токтотууну буйруду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аткаминерлерди дүркүрөтө кол чаап, ыгы жок кооз сөздөрдү айтууну токтотуп, ар бир адам менен даректүү иштөөгө чакырды. Бул тууралуу ал 29-мартта Бухара облусуна болгон сапары маалында айтты.

Өз сөзүндө мамлекет башчы аткаминерлердин бардык иштери менен пландары элдин кызыкчылыгында болушу керектигин белгиледи.

«Кол чаап, ыгы жок кооз сөздөрдү айтууну токтотуп, ар бир үй, ар бир адам менен даректүү иштөө керек. Мунун жыйынтыгы ар бир көчөдө, ар бир жарандын жашоосунда сезилиши керек», — деди Мирзиёев.

Өзбекстанда аткаминерлер Шавкат Мирзиёевдин дээрлик ар бир сөзүн дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп турушат. Маркум президент Ислам Каримовдун тушунда дагы ушундай эле көрүнүш болгон.
Мирзиёев буга чейинки билдирүүлөрүндө дагы аткаминерлерди ыгы жок кооз сөздөрдү айтууну токтотуп, иш жүзүндө аракет кылууга чакырган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18