08:50, 01 апреля 2019, 24.kg

Каракалпакстанда кудуктан аялдын жана анын үч баласынын сөөгү табылды

28-мартта Каракалпакстандын Хожели районунда кудуктан үч кичинекей бала менен алардын энесинин сөөгү табылды. Алар кырсыкка кабылганы же суицидге барганы белгисиз.

Трагедияга кабылган үй-бүлөнүн кошуналарынын биринин айтымында, мерт болгон балдардын эң күчүүсү сегиз айлык, ортончусу эки, улуусу үч жашта болгон.

«Үйүбүздүн жанында ачык кудук бар, тосулган эмес. Айылда суу түтүктөрү жок, буга байланыштуу жергиликтүү жашоочулар суунун кудуктан алышчу. Балдар кокустан түшүп кетишкенби же аларды өлтүрүп туруп, кудукка таштап салышканбы, белгисиз. Кечээ эртең менен алардын сөөгүн алып чыгышты. Милиция маркумдар турган үйдү курчоого алды», — деди ал.

Кырсык учурунда атасы үйдө болбогону айтылууда.

Хожели районунун ички иштер бөлүмү 32 жаштагы аял менен анын балдарынын өлүмү боюнча териштирүү иштерин баштады.

Экспертиза, балдардын кенжеси менен ортончусунун денесинен кыйнап думуктуруунун белгилери тапты. Ал эми балдардын улуусу менен энеси кудуктун ичинен жан берген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18