15:27, 29 марта 2019, 24.kg

Баткен согушунун ардагерлери Жеңиш Разаковду каралоого каршы

Баткен согушунун ардагерлери вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду «Тажикстандын тыңчысы» деп каралоону токтотууну талап кылышууда. Бул тууралуу «Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин» төрагасы Канат Бакалов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, Жеңиш Разаковду ардагерлер тескерисинче мекенине берилген адам катары таанышат.

«Биз Жеңиш Разаковду Баткен согушунан бери билебиз. Ал тескерисинче Баткендин чек арасын, бардык жерин коен жатагына чейин тааныйт, кыйынчылыктарды билет. Аларды чечүүнүн үстүндө дайыма аракеттенип жүрөт. Губернатор болуп турду, милицияда иштеди. Биз тескерисинче анын ушул кызматта турушун каалабаган күчтөр Разаковду каралап жатат деп түшүнөбүз. Анын ордуна чек араны, маселелерди жакшы билбеген бирөө келгени кимдир-бирөөлөргө жакшы болмок. Эгер Разаков тыңчы болгондо Баткендин көп эле жери Тажикстанга өтүп кетмек», — деди ал.

20-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өкмөттүн отчетун угуу учурунда депутаттар «Жеңиш Разаковдун тажик чалгынына тиешеси бар» деген кептерди иликтөө боюнча демилге көтөрүшкөн. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу айың кептерди иликтеп жатканын билдирген.

Жеңиш Разаков өзү бул айың кептерди өзүнүн кызматтык өсүшүн көрө албагандардын чыгарган ушагы катары баалаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18