Мигрантка кеңеш. Чет өлкөгө чыгарда тил, маданият жана мыйзамдарын окуп чыгыңыз
Чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны миллионго жетет. Алардын 800 миңден ашыгы Россияда, 35 миңи Казакстан, 30 миңи Түркияда. Андан тышкары, Түштүк Корея, АКШ, Араб жана Европа өлкөлөрүндө иштеп жүргөн кыргыз жарандары бар.
24.kg агенттиги чет өлкөдөгү мигранттардан иш издеп башка мамлекетке жөнөгөн мекендештер үчүн кеп-кеңеш топтоду.