14:04, 29 марта 2019, 24.kg

Кезек Атамбаевдин кеңешчисинде. Фарид Ниязовго иш козголду

Башкы прокуратура президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго карата доо арыз жазылганын тастыктады. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Фарид Ниязов боюнча жазылган арыз 20-мартта кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөө иши учурда Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Эске салсак, буга чейин социалдык түйүндөрдө президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесинин негизинде кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат тараган.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаевабул боюнча расмий түрдө эч кандай билдирүү келе элек деп билдирген.

Фарид Ниязов өзүнүн кылмыш иши тууралуу түшүндүрмө берди.

«Бизге жеткен маалыматка ылайык, милициянын демилгеси боюнча ИИМге Максат Чегирткеев аттуу жаран алынып келинген. Ага Фарид Ниязов 200 миң өлчөмүндөгү акчаны алып алды деп арыз жазууга сунушташкан. Аталган каражат 2010-жылдын апрелинде жаракат алгандарды колдоо боюнча социалдык колдоо комиссиясынын чечими менен дарылануусуна берилген экен», -деп жазылат текстте.

Фарид Ниязов ага арыз жаз деп сунушташкан деп эсептейт. КСДП саясий кеңешинин мүчөсүнүн айтымында, аталган 200 миң сомду Каржы министрлигинин казынасынын атайын эсебине которушкан. Мындан улам, Фарид Ниязов окуяны саясий буюртма катары эсептөөдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18