08:38, 29 марта 2019, 24.kg

Бишкек шаарында 1-класстын окуучусун унаа коюп кетип ал каза болду

Бишкек шаарында 1-класстын окуучусун унаа коюп кетип ал каза болду. Бул тууралуу укук коргоочулар билдиришти.

Маалыматка караганда, жеткинчек 4 кыздан кийин төрөлгөн жалгыз уул болгон.

Окуя Көк-Жар жаңы конушунда катталган. Кырсыктын күбөсү билдиргени боюнча Мазда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алдыдагы унааны ашып өтөм деп баланы сүзүп алган. Унаа катуу ылдамдыкта келе жаткандыктан бала учуп барып жерге түшкөн.

Окуя болгон жерден изин жашырып кеткен айдоочу кийин милицияга өзү барган. Ал шок абалында үйүнө качып барып, окуя тууралуу ата-энесине билдирип, кийин милицияга барганы маалым болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18