16:06, 28 марта 2019, 24.kg

Якутиянын башчысы мигранттарды ишке алууга тыюу салган жарлыкка кол койду

Якутиянын башчысы Айсен Николаев региондун аймагына мигранттарды ишке алууга тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Якутия өкмөтүнүн сайтында жазылат.

Айсен Николаев чет элдик жумушчуларды ишке алууга болбой турган экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүнүн тизмесин кеңейтти. Анда патенттин негизинде иштеп жаткан мигранттар укук тармагында, бухгалтердик эсеп, архитектура жана инженердик-техникалык долбоорлоодо, ошондой эле илимий изилдөө тармактарында иштей алышпайт деп көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары жаңы жарлык боюнча мигранттар тама-аш азыктарын өндүрүү, ширелерди өндүрүү, кийим-кече өндүрүү тармагында, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштей алышпайт.

Эске салсак, ушул жылдын 17-мартында Якутияда митинг өткөн. Анда нааразы тарап кыргызстандык жарандар якут кызын уурдап кетип, зордукташкандан кийин көтөрүлүшкөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18