12:25, 28 марта 2019, 24.kg

«Газпром» ААКсы Кыргызстанга 26,5 миллиард рубль инвестиция салды

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын «Газпром» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тарап Кыргызстандын газ тармагын мындан ары карай өнүктүрүү, газ менен камсыздоо объекттерин модернизациялоо жана аймактарды газдаштыруу боюнча компаниянын пландарын талкуулашты.

Алексей Миллер компания өлкөнүн ички рыногуна кирүүдө беш жыл ичинде 20 миллиард рубль инвестиция салууга милдеттендиргенин, ушу күнгө чейин 26,5 миллиард рубль инвестиция жумшаганын айтты.

Мухаммедкалый Абылгазиев компания өлкө үчүн ири инвестор катары гана эмес, анын көптөгөн социалдык маселелерин дагы чечип жатканын белгиледи. Эске салсак, 2014-жылы Кыргызстандын «Кыргызгаз» ишканасы Оруcиянын «Газпромуна» сатылып, «Газпром-Кыргызстан» түзүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18