11:56, 28 марта 2019, 24.kg

Мурат Суталиновдун жубайы Владимир Путинге кайрылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин мурунку жетекчиси, абактагы Мурат Суталиновдун жубайы Гүлнара Суталинова мамлекетик сапары менен Кыргызстанга келген Орусиянын президенти Владимир Путинге социалдык түйүн аркылуу кайрылды.

Гүлнара Суталинова Владимир Путинди орган адамы катары Мурат Суталиновдун абалын жакшы түшүнөт деп ишеним артып турганын жазган.

«Адамгерчилик менен боорукерлик Кыргызстанда же Орусияда болсо дагы сакталышы керек. Сиз ооруп жаткан офицерге карата шылдыңдоо болуп жатканы боюнча мамилеңизди билдирип койсоңуз», — деген ал. Ал билдүрүүнүн аягында маалыматты президентке жеткизип кое турган жарандарга алдын ала ыраазычылыгын билдирген.

Эске салсак, бүгүн Орусиянын президенти Бишкекке мамлекеттик сапары менен келди.

Мурат Суталиновдун жубайы Гүлнара Суталинова буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго дагы ачык кат жолдоп, Фейсбуктагы баракчасына жазган. Кошумчалай кетсек, Мурат Суталинов рактын 4-стадиясы менен ооруп жатат. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин 25 жылга эркинен ажыратылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18