08:41, 28 марта 2019, 24.kg

Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келди

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында болот. 

Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат.

Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине баруусу күтүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18