08:37, 28 марта 2019, 24.kg

Орусия Кыргызстанга 30 миллион доллар кайтарымсыз жардам берет

Орусия өкмөтү Кыргызстандын бюджетине колдоо көрсөтүү үчүн 30 миллион доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берет. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

«Жакында эле, мартта, бул тууралуу али белгилүү эмес, Орусия өкмөтү кыргыздардын суранычы менен бюджетке колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстанга 30 миллион өлчөмүндө кайтарымсыз каржылай жардам берүү чечимин кабыл алды», — деди Ушаков.

Орусия президенти Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу бүгүн, 28-мартка белгиленген. Тараптар ЖККУнун Канттагы аскер базасы туралуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин талкуулашат. Учурда авиабазаны Орусия башкарат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков Орусиянын Канттагы аскер базасын кеңейтүү боюнча жаңы протоколго кол коюларын четке каккан жок.

«Орусиянын Бириккен аскер базасы боюнча макулдашууларга өзгөртүү киргизүү боюнча протоколго кол коюлары күтүлүүдө. Бул боюнча тиешелүү мекемелердин арасында сүйлөшүү уланып жатат. Анын деталдарын ачууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Анткени сүйлөшүү азыр да уланып жатат», — деген ал.

Жолугушууда 30га жакын келишимге кол коюлат.

Орусия 2017-жылы июнда Кыргызстандын 240 миллион доллар мамлекеттик карызын кечкен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18