15:36, 27 марта 2019, 24.kg

Мекендештер. Бахрейн Королдугунда ашпозчулук менен алектенген Саламат Такенов

Саламат Такенов 6 жыл мурда мектепти аяктап, Бишкектеги № 91 кесиптик лицейде ашпозчулук боюнча билим алган. Мекендешибиз кесиби боюнча алгач Орусияда, кийин Түркия мамлекетинде иштеп, акыры Персия булуңундагы Бахрейн Королдугунда эмгектенүүдө.

Ашпозчу 24.kg агенттигине чет жердеги иши тууралуу айтып берди. 

Photo 111315

— Манамага (Бахрейн Королдугунун борбору) качан, кантип барып калдыңыз?

— Манамага келишиме эжемдин жардамы чоң, анткени ал Кувейтте Riva деген компанияда модель болуп иштейт. Эжем ал жактан мага Манамадагы жаңы ачылган Түрк рестораны тууралуу айтып, жумуш таап берди. Мен иштеген ресторан менен Riva компаниясынын кожоюну бир киши болгондуктан, жумушка кирүү анча кыйын болгон жок. Ресторандын башкы ашпозчусу менен сүйлөшүп, эч кандай агенттиктин кызматы жок эле резюмемди түз өздөрүнө жөнөттүм, алар 1 жумадан кийин мени кабыл алып, эки айдын ичинде визамды жасап, учак билетин алып беришти. Ошентип бир жылга келишим түзүп иштеп баштадым.

Менин максатым -бул жактан иштеп каражат табуу жана ошондой эле англис тилин жакшы өздөштүрүү.

Photo 111317

— Эмне себептен түрк ашканасын тандап алдыңыз? Кайсыл улуттан кардарлар көп келишет?

— Мен Түркияда эки сезон иштегениме байланыштуу, түрк ашканасын жакшы өздөштүргөнмүн. Ошол себептен бул жакта түрк рестораны менен келишим түздүм. Келечекте көп өлкөнү кыдыргым келет, эгер башка мамлекеттен мага жапон, же кытай ашканасында иштөөгө сунуш түшсө, албетте иштей берем.

Бизге көбүнчө жергиликтүү арабтар келет. Албетте, арасында башка улуттагы туристтер да бар. 

Photo 111378

— Ашпозчулукту Кыргызстандан баштадыңыз беле?

— Ачыгын айтсам Кыргызстанда ашпозчу болуп иштеген эмесмин. Негизи лицейде окуп жүргөндө белгилүү бир мейманканада практика өтөгөнмүн. Бирок, иш таба алган жокмун.

— Арабдардын тамак-ашы тууралуу айтып берсеңиз, кандай тамактарга басым жасашат?

— Тамак-ашы жөнүндө көп деле маалыматым жок, бирок булар күрүч менен тоокту көп жешкенин байкадым. Алар кайда жүрбөсүн бала багуучуларын балдары менен кошо бирге ала жүрүшөт. Бул жумуштарды көбүнчө бангладеш жараны жана филиппиндер кылат.

— Манама шаарында сизден башка кыргыздарды кезиктире алдыңызбы? Шаар жана анын эли тууралуу айтып берсеңиз?

— Ооба Манама шаарында кыргыздар бар, бирок аябай аз. Болжол менен бул жакта 30дай кыргыз бар.

Манама шаары, негизи эле Бахрейн өтө кичинекей өлкө. Борбор калаада көптөгөн чет өлкөлүк жарандар иштейт. Мисалы филиппин, бангладеш, мысыр, пакистан, түрк, индус жана башка улуттар бар. Шаардын эли өтө кичи пейил жана ак көңүл болушат. Көчөдө эркин жүрөсүң. Бишкекке окшоштук жагы анын көп улуттуулугу.

Photo 111377

— Бахрейн Королдугунун кайсы аймактарын кыдырдыңыз? 33 аралдын баарын көрүүгө мүмкүн болдубу?

— Мен азырынча аралдарды кыдыра элекмин, алдыда рамазан айында кыдырсам деп план коюп атам. 

Photo 111316

— Жергиликтүү калктын салт-санаасы кандай экен? Жолдордогу коопсуздук тууралуу айтып берсеңиз?

— Буларда кыргыздардыкындай салттары жок. Жазында 30 күнгө созулган фестиваль бар экенин жакында эле билдим. Анда ар кайсы улуттар өздөрүнүн тамактарын жасап аянтка чыгып, жергиликтүү элге сатышат экен. Бизге окшоп бир дагы майрамдарды белгилей беришпейт. — Жаңы барганда кызыктуу окуяларга туш болдуңузбу?

— Манамага жаңы келгенде бир жарым айча эч бир кыргызды кезиктире алган жокмун. — Аба ырайы тез бузулуп, шамал болуп турат дешет, климатына көнүп калдыңызбы?

— Ооба аба-ырайы туруктуу эмес, бирок климатына кыйналган деле жокмун.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18